Максимумдардын шарты.

 

7.4-сүрөттө d=λ кезинде эки толкун пайда кылган  x1 жана  x2 жылышууларынын убакыттан көз карандылыгы көрсөтүлгөн. Термелүүлөрдүн фазаларынын айырмасы нөлгө барабар (же 2π нин өзү, себеби синустун мезгили 2π ге барабар). Бул термелүүлөрдүн кошулушунан амплитудасы эки эселенген натыйжалоочу термелүү пайда болот. Натыйжалоочу жылышуу х тин термелүүсү 6.4-сүрөттө көрсөтүлгөн. Эгерде d кесиндисине бир эмес, каалагандай толкун узундугунун бүтүн саны туура келсе, анда да ушундай болот.

7.4-сүрөт

Эгерде берилген чекитте термелүүнү пайда кылуучу эки толкундун жүрүш аралыгынын айырмасы толкун узундугунун бүтүн санына барабар болсо, чөйрөнүн берилген чекиттеги термелүүсүнүн амплитудасы максималдуу болот [1]:

 

                                                                                                                           (7.4)

 

мында =0,1,2,... .

 

Минимумдардын шарты.

 

Эми  кесиндисине жарым толкун узундугу туура келсе, эмне болорун карап көрөлү. Анда экинчи толкун биринчи толкундан жарым мезгилге артта калары ачык. Фазалардын айырмасы ге барабар, б.а. термелүүлөр карама–каршы фазада болушат. Бул термелүүлөрдү кошуунун натыйжасында натыйжалоочу термелүүнүн амплитудасы нөлгө барабар, б.а. каралып жаткан чекитте термелүү болбойт (7.5-сүрөт). Эгерде кесиндиге каалагандай так сандагы жарым толкун узундугу туура келсе дагы ушундай болот.

 

 

7.5үрөт

 

Эгерде берилген чекитте термелүүнү пайда кылуучу эки толкундун жүрүш аралыгынын айырмасы жарым толкун узундугунун так санына барабар болсо, чөйрөнүн берилген чекиттеги термелүүсүнүн амплитудасы минималдуу болот:

 

                                                                                                                        (7.5)

Эгерде  жүрүш аралыгынын айырмасы менен  нин арасында аралык мааниге ээ болсо, анда натыйжалоочу термелүүнүн амлитудасы да эки эселенген амплитуда менен нөлдүн ортосунда кандайдыр бир аралык мааниге ээ болот.

 

 



[1] Бул эки булактын термелүү  фазалары дал келишкен шартта гана туура болот.